2020-жылдын 9 ай ичинде республика боюнча 1740 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 42,8% азайган. Бул тууралуу КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы майор Равшанбек Аширбеков маалымдады.
“Тилсиз жоонун себептери бул электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандыкткан, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Ал эми өрттүн басымдуулугу турак жай секторунда катталган. Өрт учурунда 43 адам куткарылган”, - деди майор Р.Аширбеков.
Статистиканы караса, өрттүн кесепетинен 15 адам каза таап, жана 19 адам жабыркаган. Тилсиз жоодон 43 адам куткарылып, 2 млрд. 911 млн. 123 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1092 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 62,8 % түзгөн.
Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:
- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 40,1%;
- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 8,4%;
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 21,1%;
- балдардын от менен ойноосунан – 7,6%, өрт кырсыгы болду.
Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
- Бишкек шаарында – 276 өрт;
- Чүй облусунда - 458;
- Ош облусунда - 228;
- Жалал-Абад облусунда - 265;
- Ысык-Көл облусунда - 190;
- Нарын облусунда - 71;
- Талас облусунда - 82;
- Ош шаарында - 53;
- Баткен облусунда 104 өрт катталган.