Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунун начарлаганына байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал конвоирлердин көзөмөлүндө. Белгилей кетсек, Сатыбалдиев 7-октябрда Бишкек шаарындагы баш аламандыктар учурунда абактан бошотулган. Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоо учурундагы коррупция фактысы боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.