2020-жылдын 9 ай ичинде республика боюнча 1740 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 3042), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 42,8% азайган.
“Тилсиз жоонун себептери бул электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандыкткан, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Ал эми өрттүн басымдуулугу турак жай секторунда катталган. Өрт учурунда 43 адам куткарылган”, -деди майор Р.Аширбеков.
Статистиканы караса, өрттүн кесепетинен 15 адам каза таап (2019-жылы 35 адам), жана 19 адам жабыркаган (2019-жылы 46). Тилсиз жоодон 43 адам куткарылып, 2 млрд. 911 млн. 123 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1092 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 62,8 % түзгөн.
Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:
- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 40,1%;
- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 8,4%;
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 21,1%;
- балдардын от менен ойноосунан – 7,6%, өрт кырсыгы болду.
Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
- Бишкек шаарында – 276 өрт;
- Чүй облусунда - 458;
- Ош облусунда - 228;
- Жалал-Абад облусунда - 265;
- Ысык-Көл облусунда - 190;
- Нарын облусунда - 71;
- Талас облусунда - 82;
- Ош шаарында - 53;
- Баткен облусунда 104 өрт катталган.