Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында жарык убактылуу өчөт. "Түндүк электр" ишканасы билдиргендей электр жарыгы аймактык электр тармактарында техникалык оңдоолорго байланыштуу өчүрүлөт. 

Оңдоо жумуштары Бишкек шаарынын "Алтын-Ордо", "Кайыңды", Төкөлдөш, Кара-Жыгач конуштарында, "Чыгыш-5" району, Абдрахманов-Лев Тольстой жана Токтогул-Жаш Гвардия булварынын кесилиштеринде жүргүзүлөт. Ал эми Чүй облусу боюнча Аламүдүн, Сокулук, Жайыл райондорунун жана Кант шаарынын айрым аймактарында оңдоо иштери жасалат. Техникалык тейлөө саат 9дан кечки 18ге чейин созулат.