Жаңылыктар
Бишкекте 12-октябрга карата абал тынч
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 12-октябрга карата абал тынч

Бишкекте 12-октябрга карата абал тынч. Шаардын коопсуздугу күнү-түнү куралдуу күчтөр, ички иштер органдары жана элдик кошуундар тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. 

Эртең мененки саат 05:00дөн баштап унаалардын жана жарандардын кыймылы кадимки режимде жүрөт. Мамлекеттик мекемелер жана ишкердик объектилер толук кандуу иштей беришет. 

"Бишкекте түн тынч өттү. Кырдаалды дестабилдештирүү фактылары жана провокациянын көрүнүштөрү катталган жок", - деп айтылат маалыматта.