Калкты тейлөө борбору, "Унаа" мекемеси, "Кыргызпочтасы" ишканасы жана архив бөлүмдөрү 12-октябрдан тарта штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Ошондой эле жарандар саат 09:00дөн 18:00гө чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын "119" колл-борбору аркылуу кеп-кеңеш ала алат.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Бишкектеги мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү калаадагы акыркы кырдаалга байланыштуу убактылуу жабылган. Ошондой эле бүгүндөн тарта борбор калаадагы бардык соода жайлары да ишин жандантты.