Жаңылыктар
Нарын облусунда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал дагы деле опурталдуу
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусунда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал дагы деле опурталдуу

Нарын облусунда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал орто деп бааланууда. Дарыгерлердин айтымында ооруну ооздуктоо боюнча эреже талаптар аткарылбаганыдыктан облуста оорунун илеби кайта элек. Жугуштуу тумоого чалдыккандар дагы деле катталууда. Учурда ооруканада 16 адам дарыланып жатат, алардын арасынан оор абалда жаткандардары да бар. Мындан улам санитардык талаптарды сактоо жана ооруну ооздуктоо үчүн иштер күчөтүлдү.

Учурда облустук ооруканада 16 тургун коркунучтуу илдет менен күрөшүп жатат. Алардын бирөө коронавирус жуктуруп алган болсо, калганы өпкөнүн сезгенишинен дарыланып жаткандар. Дарыгерлердин айтмында, бейтаптардын арасында оор абалда жаткандары да бар.

Адистердин баамында калк арасында санитардык эрежелерди сактоо кайрадан артка кетти. Коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде беткап жана башка талаптарды аткаруу дээрлик сакталбайт. Кечкисин кафе, ресторандарда 200гө чейин эл чогултуп, той берип жаткандар да бар. Буга жергиликтүү бийлик башынан чек коюп, административтик чараларды да колдонуп көрүштү. Бирок жыйынтык жок. Жергиликтүүлөр дезинфекциялоо иши да солгундап калганын айтышууда.