Акыркы күндөрдөгү өлкөдөгү окуялар коронавирус инфекциясынын жайылышын шарттады. Адистер, ковиддин инкубациялык мөөнөтүнөн кийин же октябрдын аяк чендеринде тумоонун көрсөткүчү көбөйүшү мүмкүн экенин айтышууда. Жугуштуу тумоого каршы жергиликтүү штаб буга байланыштуу санитардык талапты күчөтүүгө өттү.
Ошто эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатат. Бул туурасында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдан кабарлашты. Тумоонун кайдан жайылып жатканын айтпаса да белгилүү, - дейт дарыгерлер. Беткап, социалдык аралык, санитардык талап сакталбаган митингдер оорунун очогу болуп калышы толук ыктымал.
Ушундан кийин, калаа бийлиги санитардык талапты күчтөндүрүүгө өттү. Коомдук жайларда, траспортто милдеттүү түрдө беткапчан жүрүү эрежеси кирди. Тартипке кайдыгер караган мекеме-ишканаларга айып салынат. Экинчи ирет кайталанса, айып пулдун ордуна 127- берененин негизинде кылмыш иши козголот.