Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кайрадан ишине киришти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өткүрбек Жамшитовдун катышуусунда ыкчам жыйын болуп, ага Башкы прокуратуранын кызматкерлери, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун прокурорлору, борбордун жана Чүй облусунун райондук прокурорлору катышты.
"Жетекчилик тарабынан бардык кызматкерлерге штаттык тартипте иш алып баруу тапшырмасы берилди",- деп айтылат маалыматта.