Бишкек шаарынын комендатурасынын Колл-борбору иштей баштады. Борбор калаанын Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы жарандар 1312 кыска номуруна күнү-түнү кайрыла берсе болоорун билдирди.
Эскерте кетсек, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында президенттин жарлыгы менен калаага өзгөчө абал киргизилди. Кечки 19:00дөн таңкы 5ке чейин көчөдө жүрүүгө болбойт.