Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жолдош Токмергенов дайындалганы боюнча маалыматты УКМК төгүндөдү.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей интернетке Жапаров Токмергеновду дайындаганы боюнча сүрөттөр тараган. УКМКнын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын жана фейк маалымат экенин расмий билдирди. Мындай багыттагы маалыматтар козутуучулар тарабынан атайын кызматты жана күч түзүмдөрүн жаман көрсөтүү максатында таратылып жатат.
УКМКнын төрагасын дайындоо Президенттин милдетине кирет-деди мекеменин маалымат кызматы. УКМКнын жетекчилиги жана өздүк курамы кадимки тартипте иштеп жатат. Учурда улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында тиешелүү ыкчам-иликтөө жумуштары жүргүзүлүүдө.