Жаңылыктар
Темирлан Султанбеков сотунун чечими менен 48 саатка камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Темирлан Султанбеков сотунун чечими менен 48 саатка камалды

10-октябрь күнү «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунун чечими менен 48 саатка камалды. Маалыматка ылайык, ал 9-октябрдагы Бишкекте болгон массалык башаламандыкты уюштуруу фактысынын негизинде кармалды. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, жансакчылары Дамир Мусакеев, Канат Сагынбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, жана ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сеит жана Кадыр Атамбаев да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң, кайра кое берилген.