Бишкекте тез жардам унаасы кырсыкка кабылып, оодарылып кетти. Видео Твиттер социалдык баракчасына жарыяланган.
Окуянын күбөлөрү жол кырсыгы Жаманбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун айтышты. Тез жардам кызматы бул унаа жеке медициналык кызматка көрсөткөн мекемеге таандык экенин билдирди. Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы азырынча бул окуя боюнча расмий маалымат бере элек.