Кыргызстанда өткөн бир күндө коронавирус дагы 306 адамдан аныкталып, үч адам оорудан каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Жугуштуу тумоого чалдыккандардын эң көбү Бишкек менен Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катталды.
Маалыматка ылайык, Бишкекте - 53, Ошто - 54, Чүй облусунда - 20, Ош облусунда - 52 Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда - 63, Баткен облусунда - 41 киши тумоого кабылды. Жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 49 миң 230 адамга жетти.Ал эми сутка ичинде 168 адам коронавирустан айыгып чыкты. Жугуштуу илдетти жеңип чыккандардын саны 44 миң 395 адамга жетти.