Жаңылыктар
Коменданттык саат учурунда аэропортко билет жана паспорт менен өтүүгө болот
Кыргызстан жаңылыктары
Коменданттык саат учурунда аэропортко билет жана паспорт менен өтүүгө болот

 Коменданттык саат киргизилген Бишкекте биринчи түн тынч өттү. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти. Мындан тышкары, мүлккө зыян келтирилип, талап-тоноочулук фактылары болгон жок. 

Ошондой эле комендатура коменданттык саат учурунда блокпосттор аркылуу аэропортко бараткан жана келе жаткан жүргүнчүлөр билет жана паспортторун көрсөтүп өтөөрүн кошумчалады. 

Эске салсак, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчи болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган. Эми борбор калаанын тургундарына кечки 21:00дөн таңкы 05:00гө чейин сыртка чыгууга болбойт.