Жаңылыктар
Жаңы өкмөттүн курамы бекиди
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы өкмөттүн курамы бекиди

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти. Ошондой эле депутаттар өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды. 

Токтомго ылайык

Садыр Жапаров Премьер-министр, 

Алмазбек Баатырбеков биринчи вице-премьер-министр, 

Акрам Мадумаров вице-премьер-министр, 

Аида Исмаилова вице-премьер-министр, 

Таалайбек Темиралиев Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси, 

Санжар Муканбетов экономика министри, 

Бактыгүл Жеенбаева финансы министри, 

Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, 

Жанат Бейшенов транспорт жана жол министрини, 

Марат Жаманкулов юстиция министри, Чынгыз Айдарбеков тышкы иштер министри, 

Улан Ниязбеков ички иштер министри, 

Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри, 

Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри, 

Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри, 

Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри, 

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри, 

Эмиль Осмонбетов өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, 

Алтынбек Исмаилов маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына бекитилди.

Өкмөттүн жаңы курамына мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кирген жок. Ошондой эле Эркин Асрандиев вице-премьер-министрлик кызматтан кеткени айтылды.