Түрк кеңешинин башкы катчысы Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Түрк кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Багдад Амреев Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризиске байланыштуу тынчсыздануусун белгилеп, бардык саясий топторду жана кыргыз жарандарын ар кандай зордук-зомбулуктан алыс болууга, өлкөдөгү коомдук-саясий стабилдүүлүктү кайра орнотуу үчүн аракеттенүүгө чакырды.
“Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттер боордош кыргыз эли жана мамлекеттик органдары өлкөдө болуп жаткан азыркы өз ара келишпестиктерди өлкө Конституциясы жана мамлекеттик мыйзамдарынын негизинде чечет деп толук ишенет. Түрк кеңешинин куруучу мүчөлөрүнүн бири болуп саналган Кыргызстан Орто Азия чөлкөмүнүн стабилдүүлүгүндө жана Түрк дүйнөсүнүн интеграциясында ар дайым чечүүчү жана маанилүү роль ойногон. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө Кыргызстан ар дайым салым кошо берет деп ишенебиз.Түрк кеңеши Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байкоо салуу менен, бир тууган Кыргызстандын эли тынчтык жолуна, өсүп-өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деп баса белгилеген.