Жаңылыктар
Прокуратуранын ардагерлери элге кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Прокуратуранын ардагерлери элге кайрылды

 Кыргызстан азыр оор кырдаалды башынан өткөрүүдө. Башаламандыктарга жол бербей, туруктуу тартипти сактап калуу - биринчи кезекте өлкөнүн коопсуздугу жана мамлекеттүүлүктүн сакталышы үчүн зарыл болууда. 

Мындай билдирүүнү бүгүн прокуратуранын ардагерлери элге жасаган кайрылуусунда билдирди. Алар азыр бардык чечимдерди Конституцияга жана башка мыйзамдарга ылайык кабыл алуу өтө маанилүү экендигин белгилешти. Ошондой эле, өлкөдө болуп жаткан окуяларды мыйзамдуу жол менен чечип, кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды тезинен көрүү керек дешет.

“Азыркы мыйзамдуу өкмөт, мен түшүнгөндөй бул парламент. Депутаттар азырынча кызматтан кете элек. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Демек, бул чакырылыш мыйзамдуу болуп саналат. Президент дагы мыйзамдуу бойдон калууда. Бул эки структура. Алар бул кырдаалдан чыгып, бизди укуктук талаага кайтарууга милдеттүү. Болбосо, бул абалды ар кандай күчтөр колдонушу мүмкүн”- деп билдирди прокуратуранын ардагери  Рустам Исаев.