Коомдук транспорт кадимкидей абалда ишин жүргүзүүдө. Азык-түлүк базарлары ачык, калаадагы ири соода-сатык жайлары өз нугунда иштеп жатат. Соңку учурдагы абал сатуучуларды тынчсыздандырганын айтышат. Кырдаал тынч эмес күндөрү айрымдар дүкөндөрүн соода жайларын эртелеп жабышкан. Азыр болсо бардыгы мурдагыдай калыбына түштү.
“Ызы-чуу күндөрү соода да жакшы болбой, сатуучулар ишин эрте эле токтотуп, үйлөрүнө кетип жатты. Кырдаал кандай болуп кетет ойдо болдук. Кудага шүгүр, бардыгы тынч болду. Азыр кадимкидей болуп калды. Тынчтык болсун. Ошондо бардыгы болот.” - дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Алмазбек Момбаев.