Учурда облус, район, шаар жетекчиликтери, айыл аймактардын башчылары толук ишке киришти. Ошондой эле, облустук ички иштер бөлүмдөрү да өз ордуларында коомдук тартипти көзөмөлдөп, күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Аларга элдик кошуундар жардамга келишкен.
Ошондой эле, дубандагы соода жайлар, төө буурчак алуучу кампалар, базарлар үзгүлтүксүз иштөөдө. Анын катарында алдыда келе жаткан кыш камылгасы да өз нугунда болуп жаткандыгын облустун аймактык өнүктүрүү бөлүмүнөн кабарлашты.
"Кыш-күз мезнилине даярдыктарды эрте баштагандыктан бюджеттик мекемелер, анын ичинен саламаттык сактоо тармагы менен билим берүү тармагы толугу менен 100 пайыз даяр. көмүр, мазут жетиштуу алынган. бүгүнкү кырдаал ага таасир этпеши керек. калктын керектөөсү боюнча Маймак станциясында көмүр сатылды. алдыда дагы 20 вагон көмүр келет. баасы 3 800 сомдон сатылат" - дейт Талас облустук аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбеков