Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти. "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, Садыр Жапаров өкмөттүн курамы жана программасын айтып берди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйыны ачык өтүп, көпчүлүк маалымат каражаттарынан түз алып көрсөтүлдү. Жалпысынан 63 депутат катышып, алардын ону ишеним кат жазып беришкен, эң башкысы кворум бар.

Кезексиз жыйын башталар менен эле, 4 күн мурда ЖКнын төрагасы болуп бекитилген Мыктыбек Абдылдаев отставкага кеткенин жарыялап, жыйынды алып барууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берди. Анткени 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, БШК Бишкекте өткөн нааразылык акцияларынан кийин анын жыйынтыгын жокко чыгарган. 

6-октябрда “Достук” мейманканасында парламенттин айрым депутаттары чогулуп, Мыктыбек Абдылдаевди спикер кылып шайлап, Садыр Жапаровду премьер-министрликке сунуштаганы айтылган. Бирок бул жыйындын өзү жана кабыл алынган чечимдер канчалык мыйзамдуу экени коомчулукта талкуу жаратып келген. Дал ушундай кадамдардан кийин, ЖК кайрадан кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыка Садыр Жапаровдун талапкерлигин кайрадан кароого туура келди.