Дамир Сагынбаев Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жээнбековдун дагы бир жарлыгы менен Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жаныбек Капаров орун басар болуп дайындалды.