Жаңылыктар
Э.Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Э.Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына кайтып келди

Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына кайтып келди. Соңку күндөрдөгү нааразычылыктардан кийин эл тарабынан тандалган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Алтынбек Токторалиев өз каалоосу менен кызмат ордун кайра Эмилбек Алымкуловго өткөрүп берди.

Токторалиев Алымкуловдун ишине ийгилик каалап, өлкөдө тынчтык орносун деген тилегин билдирди. Эскерте кетсек, 4-окябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө түзүлгөн коомдук саясий кырдаалдан улам, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтан кетүү арызын жазган.