Жаңылыктар
Ош шаардык кеңешинин депутаттары 6-октябрда кабыл алган токтомун жокко чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык кеңешинин депутаттары 6-октябрда кабыл алган токтомун жокко чыгарды

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 6-октябрда кабыл алган токтомун жокко чыгарды. Ал күнү шаардык кеңештеги 45 депутаттын 31и Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызмат ордун кароо чечимин кабыл алган. 

Бирок, 7-октябрда Сарыбашев ошол күнкү шаардын борбордук аянтына чыккан тарапташтары менен иш ордуна кайтып келген. Кечээ кечинде, шаардык кеңеш жыйынга чогулуп, буга чейин кабыл алынган токтомун артка кайтарып алганын расмий жарыялады. 

Айрым маалыматтар боюнча эл өкүлдөрү мындай кадамга өз эрки менен барган жок, кандайдыр бир кысым болушу мүмкүн деп айтылууда.