Жаңылыктар
"Унаа" мамлекеттик мекемеси убактылуу иштебейт
Кыргызстан жаңылыктары
"Унаа" мамлекеттик мекемеси убактылуу иштебейт

"Кыргызстан" банкынын кассалары жана “Унаа” мамлекеттик мекемесинин "РИОМ-авто" базарында жайгашкан Бишкек бөлүмүнүн аймактар аралык сектору 10чу жана 11-октябрь күндөрү иштебейт. 

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдөн улам банктын кассалары иштебейт. Транспорт каражаттарын каттоо кызматы жеткиликтүү эмес. 

"Транспорт каражаттарын каттоо секторунун иши дүйшөнбү 12-октябрдан тарта уланат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан чарага түшүнүү менен мамиле кылууну сурайбыз. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кызматкерлер тарабынан элдик кошуун уюштурулуп, алар мекемени кайтарышат", - деп айтылат билдирүүдө.