Жаңылыктар
Улуттук банктын баалуулуктары жана алтын-валюталык запастары коопсуздукта
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банктын баалуулуктары жана алтын-валюталык запастары коопсуздукта

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын баалуулуктары жана алтын-валюталык запастары коопсуздукта. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 

Кечээ социалдык тармактарда видео тараган. Анда бир нече инкассатордук мүлк ташуучу унаалар "Манас" аэропортуна жөнөшкөн. Анда видеону тартып жаткан адам өлкөдөн акча жана баалуу буюмдарды алып чыгып кетип жатышат деп айткан. Улуттук банк бул жүк кимге таандык жана жана алар кайда бара жатканы тууралуу так маалыматы жок экенин белгиледи. 

Бирок алар Улуттук банкка тиешелүү эмес. "Улуттук банктын баалуулуктары жана алтын валюталык резервдери сакталуу турат. Аларды эч ким эч жакка чыгарып кеткен жок", - деп билдирди Улуттук банк.