Бишкекте 5-октябрдан бери өтүп жаткан митингдердин шаардын мүлкүнө зыян келтирген чыгымы болжол менен 17 миллион сомго жетти. Эсептөөлөр дагы уланууда. Бул тууралуу 10-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов, турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаев жана шаардык кызматтардын башчылары менен биргеликте шаардын борборундагы көчөлөрдү жана кварталдарды кыдырып, зыянга учураткан чыгымдарды алдын ала эсептеп чыгышты.“Ала-Тоо” аянтында 65 м 2 гранит плиткаларын талкалап, уурдап кетишкен.
Чүй проспектинде велосипед жолун куруу үчүн ылайыкталган 34 жыгач поддон жок болгон. Байтик Баатыр көчөсүндөгү жыгач поддондон - 81 даана, Дэн Сяопин көчөсүндө веложолдун курулушуна деген түтүктөр, 12 чоюн люк, 55 жыгач поддон жоголгон. Мындан тышкары, Бишкектеги башаламандык учурунда 7 атайын тез жардам унаасы жабыркаган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 12 автобусу, 16 кызмат унаасы жабыр тарткан. Шаардык мэриянын тейлөө кызматтарына таандык сервердик шаймандар, темир эшиктер жана видеокөзөмөл камералары да талкаланган. Азыр талкаланып сынган шаймандарды калыбына келтирүү жумуштары башталды.