Экс-президент Роза Отунбаева саясий күчтөрдү жана коомчулукту ынтымакка чакырат. Бул тууралуу ал өлкөдөгү эл аралык жана жергиликтүү деңгээлдеги серепчилер, коомдук ишмерлер менен бирге өткөргөн жыйында билдирди.
Саясий партиялардын бардыгы бийлик талашып, бирин-бирин укпай, бир мунасага келе албай жатышат. Ар бири жеке кызыкчылыгы менен өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирүүдө,-деди Отунбаева. Анын айтымында мунун баарына бийликчил партиялардын жеңишке жетиши, өтө элек партиялар өкмөттүн курамын бекитүү планын билдириши жана бири-бирине ишенбей жатканы себеп болууда.
Азыркы тапта мыйзамдуу талаага кайтуу жолу менен гана мамлекетте туруктуулукту орнотууга болоорун айткан экс-президент, тил табыша албай жаткан партияларга ортомчу болуп берүүгө даяр экенин билдирип, сүйлөшүү аянтына чакырды.