Жаңылыктар
"Медиа Форум" мекемесинин алдында митинг өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Медиа Форум" мекемесинин алдында митинг өттү

Бүгүн "Медиа Форум" мекемесинин алдында социал-демократтар жана "Республика" саясий партияларынын тарапташтары чогулуп, митинг өткөрүштү. Ал жерде башталган акция жөө жүрүш менен уланып, борбордук Ала-Тоо аянтына келип чогулушту. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди. Митинг эки тараптын кагылышуусу менен аяктады.

Митинг медиа форумдун алдында башталды. Ал жерде социал- демократтар чогулуп, уюшкан кылмыштуулукка жана саясий баскынчылыкка каршы деген акция өтүп жаткан. Иш-чара башталгандан көп өтпөй эле алардын катарына Өмүрбек Бабанов баштаган республика саясий партиясынын өкүлдөрү келип кошулду.