Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин башчылары Кыргызстандагы саясий абал тууралуу кайрылуу жасады. Бул боюнча "Казинформ" шилтеме аркылуу билдирди. Боордош кыргыз элинде болуп жаткан абал баарыбызды тынчсыздандырат.
Биз көп кылымдан бери достук кызматташтыктын арты менен маданий, тарыхый түпкүрүбүз бир болуп катышып келе жаткан кошуна элбиз. Өлкөдө абал курч турган чакта улуттук баалуулуктарды эске алып туруктуулукка чакырабыз. Бардык партиялардын өкүлдөрү тынчтык, туруктуулук үчүн бир пикирге келет деген ниеттебиз. Кыргызстандын туруктуу болушу Борбор Азиядагы аймактар аралык мамилелердин алдыга жылышына шарт түзөт.
Бир багытта экенибизди эске алып аймактык коопсуздукту сактоого салым кошолу. Биздин өлкөлөр бир тарыхты жалпы келечекти көздөйт. Биз баарыбыз эл аралык мамилелерди жакшыртууну, соода-экономикалык багытта кызматташууну, чек ара көйгөйлөрүн чечүүнү жана ар тараптан алаканы бекемдөөнү көздөйбүз. Андыктан биз дайыма алдыга карай өнүгүүгө жол тарткан өлкөнүн багытын колдойбуз, - деп айтылат кайрылууда.