Бүгүн өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта миңдеген адамдар чогулуп тынчтык митингин өткөрүштү. Ага катышкандардын басымдуу бөлүгү элди тынчтык туруктуулукка үндөп, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого чакырып турушту. Эски аянтта үч күндөн бери чогулуп жаткан эл Садыр Жапаровду колдоо үчүн митингди улантып жатышканын айтышат.
Өкмөт үйүнүн алдында тынчтык митинги үч күндөн бери уланып жатат. Бүгүн дагы катышуучулар таң эртелеп келе башташты. Түшкө жакын миңге жакын адам чогулуп, көбү элди тынчтык, туруктуулукка үндөп, аны менен катар Садыр Жапаровдун колдоого алып турушту.