Жаңылыктар
Бүгүндөн баштап бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүндөн баштап бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук бериле баштайт

Бүгүндөн баштап бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук бериле баштайт. Тийиштүү чечимди күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чарасынын алкагында шаардык штаб кабыл алды. Ошондой эле өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаал да эске алынган. Азыркы тапта өзгөчө жылуулук берүүгө ооруканалар менен бейтапканалар муктаж болууда.

Борбор калаада жылуулук берүү мезгили башталды. Мындай чечимди күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штаб кабыл алды. "Жылуулук электр борбору" жана "Бишкек жылуулук тармактары" от казандарды жана жылуулуктүйүндөрүн ишке киргизди. Айтсак Бишкек ЖЭБи кышкы жылытуу мезгилинде бир миллион тоннадан ашык көмүр керектейт. Ошондой эле отун катары газ менен мазут да колдонулат.