Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизилди. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Маалыматта жазылгандай, президенттин жарлыгы Конституциянын 64-беренеси, конституциялык мыйзамдын 3,4,7,8-беренелерине ылайык чыгарылган.
Массалык башаламандыктын натыйжасында жарандардын коопсуздугун сактоо жана өлкөдө кырдаалды турукташтыруу максатында токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 9-октябрдан тарта кечки саат 20дан эртең мененки саат сегизге чейин өзгөчө абал жарыяланды. Өзгөчө абал тартиби 21-октябрга чейин киргизилет. Бишкек шаарында атайын комендатура түзүлүп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Алмаз Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.