БШК 6-ноябрга чейин парламентке жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган. БШК тараткан маалыматта кайра шайлоого шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар катыштырылбай турганы айтылган.