Жаңылыктар
Генералдык штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Генералдык штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев ээлеген кызматынан бошотулду

Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Жээнбековдун дагы бир жарлыгына ылайык, Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп Таалайбек Өмүралиев дайындалды.