Кубатбек Боронов Премьер-министр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон. “Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет”,- деп айтылат маалыматта.