Жаңылыктар
Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин кызматынан бошотту
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин кызматынан бошотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон. Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.