Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев учурда Кыргызстандагы жалгыз легитимдүү бийлик катары күч кызматтарын координациялоону улантып жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кырдаал оорлошкон 6-7-8-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында иш жүргүзгөн. «Бүгүн ал жактан чыгып, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын имаратына кайтып келдик.
Эми иш бул жактан уланат. УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткандыктан, мыйзамдуу түрдө анын ишин улантууну биринчи орун басары Талант Салиевге өткөрүп бердик. УКМК мындан ары ишин саясаттан тышкары жүргүзөт. Биз болсо Коопсуздук кеңешинин катчылыгы катары күч кызматтарын координациялоону улантабыз»,- деди ал. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Өмүрбек Суваналиевди УКМКнын кызматкерлери сүрүп чыгарып салгандыгы тууралуу маалымат тараткан.
Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин милдетин аткарып, бардык күч түзүмдөрүн координациялап жаткандыгы мурда кабарланган. УКМКнын маалымат кызматы тараткан кабарга караганда бүгүн, мекеменин имаратында Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда коопсуздук кызматынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин жыйыны өттү.
Анда УКМКнын жетекчилиги, кызматкерлери жана ардагерлери өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасашты. Кайрылууда УКМК жана башка күч кызматтары саясаттан тышкары болушу зарылдыгы тууралуу айтылып, өлкөнүн коопсуздук кызматы түрдүү саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштебей турганы белгиленди.