Жаңылыктар
Жогорку сот Садыр Жапаровго карата актоо тууралуу өкүм чыкпаганын билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку сот  Садыр Жапаровго карата актоо тууралуу өкүм чыкпаганын билдирди

Жогорку сот саясатчы Садыр Жапаровго карата актоо тууралуу өкүм чыкпаганын билдирди. Маалыматка караганда, Жапаров жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгаруу, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү каралган. 

Иш Жогорку сотто каралып жатканда жараянга катышкан Башкы прокуратуранын өкүлү да Жапаров менен анын адвокатынын өтүнүчүн канааттандырууну суранган. 

Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин бир канча беренесинин негизинде соттук коллегия Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберди.