Жаңылыктар
Өзбекстандын чек ара кызматы Тилек Матраимовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандын чек ара кызматы Тилек Матраимовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди

9-октябрда Өзбекстандын чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу камак жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда аталган үч жаранга Жазык кодексинин «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү аракети» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталды. Кыргызстандын жарандары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев, Махсуд Ахмедов 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы мурда кабарланган. 8-октябрда биртуугандар Русланбек, Исламбек Матраимовдор да кармалганы тууралуу маалымат тарап, бирок, аны УКМК бышыктай элек. 

Өзбекстандын атайын кызматы Кыргызстанга өткөрүп берген үч жарандын бири Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси болот. Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдорго тиешелүү экени маалым.