“Көк-Бөрү” федерациясы өлкөдөгү коомдук коопсуздукту сактоого өз салымын кошуп жатат.
Бул бирикме мүчөлөрү 7-октябрь күнү кезексиз жыйынга чогулуп, болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, ыктыярчы элдик кошуун мүчөлөрүнүн катарын толуктоо чечимин кабыл алышкан.
Андан соң жети дубандан келген улакчылар Бишкек шаарындагы стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга киришкен. Улак тарткан карылуу жигиттер Коомдук каналдын башкы кеңсесин жана өзүнчө жайгашкан “Ала-Тоо 24” каналын дагы күзөткө алып, коргоого алышты.