Жаңылыктар
“Акнет” компаниясынын имараты элдик кошуундун кайтаруусунда
Кыргызстан жаңылыктары
“Акнет” компаниясынын имараты элдик кошуундун кайтаруусунда

“Акнет” интернет-провайдеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудинов компанияны рейдерлик басып алуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу компаниянын директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов билдирди. Анын айтымында, эки күн мурда Ажимудиновдун бир туугандары “Акнет” кабелдик-операторунун кеңсесине 100гө жакын адам менен басып кирип, компания жетекчилерин кууп чыгышкан. Бирок ал күнү компанияны ээлеп алууга жол берилген эмес. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кубан Ажимудиновго карата бир нече фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген. Анын ичинде казынага 713 миллион сом зыян келтирген деген айып бар. “Акнет” компаниясынын жетекчилиги Кубан Ажимудинов тергөө абагынан чыгаары менен өлкөдөгү абалдан пайдаланып, интернет-провайдерди ээлеп алууга аракет кылууда деп билдирди. 

Ал 8-октябрь түнү экинчи ирет жоон топ адам менен келип экинчи ирет басып алууга аракеттеген. Мындан улам интернет компания элдик кошуун менен массалык маалымат каражат өкүлдөрүнөн жардам сурап кайрылууга мажбур болгон. Учурда имаратты элдик кошуун кайтарууга алып, интернет кардарларын үзгүлтүксүз камсыздоодо.