Башкы прокуратуранын имаратын эч ким басып алган жок, мүлкү өз ордунда. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, прокурорлордун ишине тоскоолдуктар болуп, прокуратура кызматкерлери кызматтык имараттар менен документтерди өз күчү менен кайтарууда. Алар кол кабыш кылган ыктыярчыларга, жарандык активисттерге, кызматтын ардагерлерине ыраазычылык билдирди.
“Башкы прокуратура аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине кийлигишүүгө жол берилбестигине көңүл бурат. Мамлекеттик органдарды жана мекемелерди түзүү республиканын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү керек”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Башкы прокуратуранын кадимки тартипте иштеп жатканы айтылат.