Өзгөчө кырдаалдар министрилигин Бишкек горнизонунун өздүк курамы нааразычылык акциясына чыгып, жетекчиликке бир катар талаптарды коюшту. Атап айтканда өрт өчүрүүчүлөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бөлүнүп, өз алдынча бөлүм болууну каалап жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратынын алдында 100дөн ашык өрт өчүрүү кызматкерлери чогулду.
Алардын арасында учурдагы кызматкерлер менен кошо ардагерлер да бар. Акциянын катышуучуларынын негизги талабы - кызматка кесипкөйлөрдүн келиши.
“Биздин техникага караңыздар, саатына болгону 30 километр жүрөбүз. Эгерде Чоң Арык айылында өрт чыкса шаардан ал жакка жеткенче унаа бир нече жолу бузулат. Формабыз да көп жолу пайдаланганга жарабайт. Бүгүнкү күндө чыгуу радиусубуз болгону 45 километр. Мындай техника менен эмнеге кыла алабыз?” дешет өрт өчүрүүчүлөр. Эскерте кетсек, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү аянттагы митингчилер эки өрт өчүрүүчү унааны өрттөп жиберишкен. Дагы бир унаа жол кырсыгына кабылган.