Тез аранын ичинде банктардын жана салык кызматтарынын ишмердүүлүгүн жандантуу керек. Антпесе экономикага чоң сокку болуп, өлкөгө эки эсе экономикалык кыйын кырдаалга кептелет. Мындай ойлорун бизнес-өкүлчүлүктүн жана банк тармагынын өкүлдөрү билдирип, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун издешүүдө.