Жаңылыктар
"Ала-Тоо" аянтындагы митингде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу акыркы сапарга узатылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" аянтындагы митингде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу акыркы сапарга узатылды

 5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы башаламандыкта каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындары, достору менен айылдаштары аны бүгүн акыркы сапарга узатты. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Баткен облусунун Лейлек районунун Кара-Булак айылына коюлду. Ал борбордук аянттагы милиция менен калың эл кагылышкан түнкү митинг учурунда, кулак тундуруучу жардыргыч зат жарылганда катуу жаракат алып, көз жумган. Үмүтбек болгону 19 жашта болчу.