Жаңылыктар
Туңгуюктан кантип чыгабыз?
Кыргызстан жаңылыктары
 Туңгуюктан кантип чыгабыз?

 Бүгүн өлкө туңгуюк абалга кептелди. Мамлекеттик башкаруунун бутактары башаламан абалда турат. Баш мыйзамдын кепили болгон президенттин Бишкекте экени айтылганы менен дарегин билген киши жок. Өкмөттүн башында премьер министр кызматын тапшыруу тууралуу арызын жазганы менен ага ким кол койгону белгисиз. Кубатбек Бороновдон да дайын жок. Өлкөнү укуктук талаага кайтаруу үчүн жалгыз үмүт парламентте деп айтылганы менен алар да чогула албай жатат. Мындай абалдан кантип чыгуу керек?