Жаңылыктар
Өлкөдө тартипти орнотуу аракети көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө тартипти орнотуу аракети көрүлүүдө

Бүгүнкү күндө күч түзүмдөрүн көзөмөлдөп, өлкөдө тартипти орнотууга аракет кылып жаткан Коопсуздук кеңеши - жалгыз легитимдүү орган. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жарандык форум учурунда айтты. 

Анын айтымында азыр абал курч. Партиялар өз-өзүнчө митинг уюштуруп, ич-ара келише албай жатышат. Эски бийлик болсо ордунан кетпей турганын айтып, ишин улантып жатат. Мындай кырдаалда жалгыз легитимдүү орган - бул Коопсуздук Кеңеши,- деди Суваналиев. 

Ал учурда катчынын орун басары кызматын аткарып жатканын белгилеп, бир дагы партияны колдобой турганын, башаламандык болуп кетпеши үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.