Жаңылыктар
Бишкектеги башаламандыкта каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү Баткенде жерге берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги башаламандыкта каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү Баткенде жерге берилди

5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы башаламандыкта каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындары, достору менен айылдаштары аны акыркы сапарга узатты. 

Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Лейлек районунун Кара-Булак айылына коюлду. Ал борбордук аянттагы милиция менен калың эл кагылышкан түнкү митинг учурунда, кулак тундуруучу жардыргыч зат жарылгандан улам катуу жаракат алып, көз жумган.Үмүтбек 19 жашта болчу. Бишкекте окуп, иштеп жүргөн. 5 бир туугандын ичинен уулдардын улуусу болчу.