Жаңылыктар
Өткөн суткада Жалал-Абад облусунда коомдук-саясий абал тынч болду
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн суткада Жалал-Абад облусунда коомдук-саясий абал тынч болду

Өткөн сутка ичинде Жалал-Абад облусунда коомдук-саясий абал тынч болду. Талап-тоноо, массалык башаламдыкка жол берилген жок. Бул тууралуу Жалал-Абад облусутк ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Коомдук коопсуздук милициянын көзөмөлүндө турат. Элдик кошун күч түзүмү менен биргеликте тартипти камсыздоо боюнча иш алып барышууда. Милиция жарандарды ар кандай чагымга алдырбоого жана ошондой эле интернетте тарап жаткан ар кандай туура эмес чакырыктарга азгырылбоого чакырат.